Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Акыйкатчы парламентте намазкана ачылуусуна каршы


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” парламент депутаттарынын Жогорку Кеңеште намазкана ачуу демилгесине каршы экендигин билдирди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасы динден тышкары мамлекет жана мындай эреже Баш мыйзамда көрсөтүлгөн.

“Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен Ак үйдө намазкана ачуу демилгеси - популизм. Ал ар бир адамдын жеке иши болушу керек. Мен мусулман катары ажыга барып келгем, намазды үзбөй окуйм. Бирок аны жар салып кыйкырган жерим жок, намазкана ачып бергиле дегеним жок”,- дейт Т.Акун.

Акыйкатчынын айтымында, парламентте ушундай демилге көтөрүп чыгып аткан Турсунбай Бакир уулу сыяктуу депутаттар саясий упай топтоо үчүн гана мусулмандардын сезими менен ойноп жатышат.

Т.Бакир уулу “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө да бул демилге тууралуу айтып, Ак үйдө намазкана ачылуусунун эч кандай жаман жагы жоктугун, бул мыйзамга да каршы келбесин, керек болсо жума күндү эс алуу күнү катары жарыялап, мусулмандардын жума намазына баруусуна шарт түзүү керектигин айтып чыккан. (IJz)

XS
SM
MD
LG