Эми непада референдумда шайлоочулардын көпчүлүгү сунушту колдосо, анда Нурсултан Назарбаев келерки жылкы президенттик шайлоого катышпай эле мамлекетти башкара берет. Идеяны көтөргөн демилгелүү топ ушул аптанын башында жарандардан 5 млн.дон ашуун кол топтогонун билдирген. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү билдирүүсүндө электораттын жарымынан көбү муну макул көргөнүн айтып, “демек, бул - элдин мүдөөсү” деп билдирди. Америка Кошмо Штаттары демилгени сындап, аны “демократиядан артка кетүү” деп атаган.