Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Иракта “Ал-Каиданын” мүчөлөрү деп шектелгендер түрмөдөн качып кетишти


Өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарындагы түрмөдө “Ал-Каида” террор уюмуна мүчө болушу мүмкүн деп шектелген 10дой адам качып кеткени кабарланды. Ирактын мамлекеттик телеканалы кабарлаганына караганда, азыр аларды издөөгө полиция да, армия да катышууда. Алар түрмөдөн кантип качып кетишкени белгисиз. Кармалгандар былтыр ноябрда Басрада болгон жардыруу үчүн айыпталышкан. Бирок соттоло элек болчу. Ал жардырууда 10 адам өлгөн эле.

XS
SM
MD
LG