Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Тунис президенти өлкөдөн качып, Сауд Арабстанга барды


Жаңы түшкөн маалыматтарга караганда, өлкөсүнөн кечээ качкан Тунис президенти Бен Али учак менен Сауд Арабстандын Жидда шаарына барды.
Тунис президенти Зин ал-Абидин Бен Али 14-январда (жума күнү) түштөн кийин өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Премьер-министр Мохаммад Ганнуши жума күнү кечкурун мамлекет башчынын кызматын убактылуу аткараарын билдирди.

Ошол эле күнү саал мурдараак Бен Али өкмөттү кызматтан кетирип, чукул кырдаал жарыялаган. Тунисте 17-декабрдан бери нааразылык иш-чаралары байма-бай уланып келаткан. Миңдеген адамдар жумушсуздукка, кымбатчылыкка каршы нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышкан.
Демонстранттар өлкөнү 1987-жылдан бери башкарып келаткан президенттин кызматтан кетишин да талап кылышкан. Полиция менен элдин кагылышууларынан 70тен ашуун адам набыт кеткени кабарланууда.
Бен Али 2014-жылы анын президенттик мөөнөтү аяктаганда кызматынан кетүүгө убада кылган.
Ал эми нааразылык жыйындарын уюштургандар өкмөт башчы Ганнушинин убактылуу президент катары бийлигин тааныыр-тааныбастыгы азырынча так эмес.

XS
SM
MD
LG