Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Бишкекте чөнтөк уурулугу көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынын чөнтөк уурулугуна каршы атайын бөлүмдүн жетекчиси Данияр Жумашев билдирди. Анын айтымында, 2009-жылы чөнтөк уурулугу боюнча 1090 кылмыш катталса, былтыр 1192 кылмыш катталган. “Бул кылмыштардын 41 пайызынын жүзү ачылды, бул дурус көрсөткүч”,-дейт Д. Жумашев. Ал чөнтөк уурулугу менен күрөшүү боюнча беш ай мурда шаардык ички иштер башкармалыгында атайын бөлүм ачылганын белгилеп, кармалган чөнтөкчүлөр сүрөткө түшүрүлүп, манжаларынын тактары атайын тизмеге киргизилип, мындай кылмыштарды алдын алуу аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

Кылмыш жаза кодексинин 164-беренсине ылайык, уурулукка барган адам жасаган кылмышынын деңгээлине жараша беш жылга чейин эркинен ажыратылат. (ES)

XS
SM
MD
LG