Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Баткен облусунун губернаторуна кылмыш иши козголду


Бул туралуу “Азаттыкка” бүгүн (15-январда) Баткен облустук прокуратурасы билдирди. Маалыматка караганда, “Баткен таңы” гезитинин мурдагы баш редактору Абдихалил Акматов “облус губернатору Султанбай Айжигитов 2006-жылдан бери куугунтуктап, кызматтан негизсиз бошоткон” деген арыз менен прокуратурага кайрылган. Баткен райондук сот аткаруу бөлүмү да Султанбай Айжигитов Абдихалил Акматовду кайра кызматка орноштуруу жөнүндө соттун чечимин аткарбай жатканын маалымдап, облустук прокуратурага чара көрүү сунушу менен кайрылган. Бул арыздардын негизинде Баткен облустук прокуратурасы губернатор Султанбай Айжигитовго Кылмыш-жаза кодексинин 143, 304, 338-беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Облустук акимчиликтин уюштуруу бөлүмү жана малымат кызматы бул тууралуу азырынча маалымат жок экенин билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG