Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Түштүк Суданда көз карандысыздык боюнча референдумдун акыркы күнү


Дүйнөдө жаңы мамлекетти курууга багытталган референдум бир аптага созулду. Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, Түштүк Судандын каттоодон өткөн 3,9 миллион шайлоочусунун 60 пайыздан ашууну буга чейин добуш берүүгө үлгүрүшкөн.

Шайлоочулардын жарымынан көбү катышса эле референдум жарактуу деп табылат жана алар Түштүк Судандын көз карандысыздыгы жөнүндөгү сунушту жактырары күтүлүүдө.

Бул аралыкта Судандын түндүк бөлүгүн башкарган партия түштүктүн көз карандысыздыгын кабыл алууга даяр экендигин, бирок чек араны демаркациялоо, мунайды бөлүшүү, эки ортодогу талаш аймактын макамы жөнүндөгү маселелер али сүйлөшүүнү талап кыларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG