Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Уикипедияга он жыл. Жимми Уэлстин мааракеге байланыштуу сөзү


Дүйнө жүзүнө интернет аркылуу бекер маалымат таркаткан эл аралык энциклопедиялык интернет барагы болгон Уикипедияга (wikipedia.org) бүгүн он жыл толду.

Бул интернеттик кайрымдуулук долбоорунун негиздөөчүсү Жимми Уэлс (Jimmy Wales) он жылдык мааракеге карата мындайча ой менен "Ройтерс" кабар агенттиги үчүн курган маегинде бөлүштү:

"Биз үчүн өтө жогорку артыкчылыкка ээ жагдай - бул Уикипедияга салым кошуп жаткандардын тамырын андан ары кеңири жайылтуу. Мында биз англис тилиндеги википедияны гана эмес, жалпы эле (дүйнөлүк) географиялык алкакты эске алып жатабыз. Биз бул сөздүккө салым кошкондорго ар түркүн коомдук катмарлардын өкүлдөрүн камтыгыбыз келет. Биздин (энциклопедиялык долбоор) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тилдеринде да тездеп өнүгүп жатат. Менимче, Уикипедиянын гуманитардык максат-мүдөөлөрү, - бул жаатта азыноолак жемишибиз бар эмеспи, - жана биздин чыныгы гуманитардык таасирибиз алдыдагы он жылда жүзөгө ашырылмакчы. Бул убакытта биз калайыкка буга чейин алар ала элек болуп көрбөгөндөй мол маалыматты камсыз кыла алабыз. Бул укмуштай сонун иш-аракет болуп калмакчы".

Кыргызстанда да кыргызча Уикипедияны (http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%91%D0%B0%D1%88%D0%B1%D0%B0%D1%80%D0%B0%D0%BA) тез арада чогуу-чаран өнүктүрүү жолдору иликтенүүдө.

Кыргызстандын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимов жана Кыргызстан-Сорос корунун өкүлү Марат Жаанбаев, блогчу Айдар Мокенов мырзалар өлкөдөгү расмий жана бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз тилдүү интернетчи интеллектуалдар бул жаатта биргелешкен долбоорлор түзүүгө киришкенин "Азаттыкка" тастыкташты.

XS
SM
MD
LG