Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолу ачык


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчи адиси Абдушарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолу ачылып, демейдегидей иштеп жатат. Токтоп калган жүк ташуучу автоунаалар өз жолу менен сапарларын улантышты.
15-январда аталган каттамдын 235-чакырымындагы Тоң-Мурун ашуусунда автоунаа кыймылы үзгүлтүккө учураган. Буга аба ырайынын кескин суук тартышынан улам бир катар жүк ташуучу автоунаалардын соляркасынын тоңуп, орто жолдо токтоп калышы себеп болгон. Натыйжада ашууда жыйырмага жакын автоунаа тыгынга калып, жолдо калган жүргүнчүлөр жол ачылгыча жакын жайгашкан Алай районундагы Кара-Теңдик айылына жайгаштырылган. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суук күч болуп турган убакта дизелдик отун менен жүргөн автоунаалар менен аталган катам боюнча сапарга чыкпоого чакырууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG