Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Чүй - Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишине көп кабаттуу үй салынат


Бул туурасында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул көп кабаттуу имарат Чүй - Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги менен Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасынын ортосунда болот. “Эң негизинен архитектуранын жана курулуштун эрежесин бузбаш керек. Каалаган жерге там, же май куйуучу жай салып, кара жолдун таманына имарат салып атышат. Мына ушунун баары мындан ары жоюлуш керек”, - деди шаар башчысы.

Буга чейин шаарды ирээтке келтирүү үчүн Ош базарынын тегерегиндеги бир катар павильондорду алып салуу чечими чыккан. Буга жеке ишкерлер нааразы болушуп, 14-январда нааразылык акциясын уюштурушкан эле. Жогорку Кеңештин депутаттары болсо Ош базарынын тегерегинде соода түйүндөрүн, контейнерлерди жана павильондорду бузбай туруу боюнча Бишкек шаар мэриясына сунуш жолдошкон. (KKs)

XS
SM
MD
LG