Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Израилде Ирандын өзөктүк программасына каршы багытталган деп болжонгон вирус сыналган


Бул тууралуу америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, өткөрүлгөн сынак “Stuxnet” деп аталган компьютердик вирус Израиль менен “АКШнын Ирандын өзөктүк программасына саботаж жасоого багытталган” долбоору экенин ишара кылууда. Сынак Израилдин Негев чөлүндө жайгашкан, өтө катуу кайтарылган “Димона” комплексинде өткөрүлгөн.

“Нью-Йорк Таймс” басылмасынын жазганына караганда, жакында Ирандын уран байытуучу өзөктүк жайында бул иште колдонулуучу жабдуу – центрифугалар сынып, алардын бештен бир бөлүгү иштен чыккан. Эксперттер Ирандын өзөктүк программасына “Stuxnet” вирусун колдонуу менен чабуул жасалган болушу мүмкүн деп боолгошкон.

Бирок өлкөнүн атомдук мекемесинин башчысы жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Акбар Салехи мындай божомолдорду четке каккан эле.

АКШнын жана Израилдин расмий өкүлдөрү компьютердик вирус жөнүндөгү маалыматтарды комментарийлөөдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG