Талап-тоноолор менен атышуулар жөнүндө маалыматтар түшүп жаткан Тунистин борборунда тартип орнотуп, өзгөчө абал менен коменданттык сааттын шарттарын камсыз кылуу үчүн аскерлер менен танкттар жайгаштырылды. Көчөлөр менен катар өлкөнүн эки түрмөсүндө орун алган тополоңдон ондогон айыпкерлер каза тапкан. Тунистин расмий кабар агенттиги Монастир деген шаарда түрмөдө өрт чыкканда кеминде 42 айыпкер каза тапканын билдирди.
Кабарларга караганда, коопсуздук кырдаалындагы белгисиздиктерден улам Европанын миңдеген туристтери мекенине учуп кетүүгө аракеттенишүүдө.
Ушул жума күнү өлкөнүн бийликтен кулатылган президенти Бен Али Сауд Аравияга качууга аргасыз болгондон кийин утурумдук мамлекет башчысы катары кечээ парламент спикери Фуад Мебазза ант берди жана премьер-министрден жаңы коалициялык өкмөттү курууну суранды. Бийликтер кезексиз президенттик шайлоо Конституцияга ылайык 60 күндүн ичинде өтөрүн билдиришүүдө.