Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:34

Эртең Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын кароо уланат


Санжар Бакиевдин коомдук жактоочусу Бүбүайша Арстанбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, эртеңки соттук териштирүүдө негизинен далилдерди жана көрсөтмө бере турган күбөлөрдү аныктоо иштери жүргүзүлөт. Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө жактоочулар Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов көрсөтмө бериши керектигин өтүнүшкөн болчу.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев болсо өзүнө коюлган айыптарга макул болбой келет. Мындай өкүмгө макул болбогон Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын Чүй облустук соту Бишкек шаарында карап жатат. Жалал-Абад облустук соту иш көптүгүнө байланыштуу бул арызды кароону Чүй облустук сотуна өткөрүп берген эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG