Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Иран өзөктүк жайлары боюнча саякатты улантты


Чет элдик дипломаттар бүгүн Ирандын ал БУУнун санкцияларына карабай уран байытууну жүргүзүп жаткан Натанз өзөктүк жайында болушту. Алжир, Кубат, Египет, Оман, Сирия, Венесуэла, Араб лигасынын элчилери кечээ Ирандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан башка өзөктүк жайды көрүп чыгышкан эле.

Орусия, Кытай, Евробиримдик саякатка катышуу жөнүндөгү сунушту кабыл албаса, АКШ, Британия, Франция, Германия чакырылган эмес. Бирок Ирандын атом энергетикасы боюнча эл аралык мекеме – МАГАТЭдеги элчиси Али Аскар Солтание бул саякат дүйнөнүн алты ири державасы менен келерки аптада башталуучу сүйлөшүүлөр астында Тегерандын өзөктүк программа боюнча ачыктыкты көргөзүүсү экенин белгиледи.

Мунун алдында Ирандын атомдук мекемесинин башчысы жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Акбар Салехи уран байытуу иши ыкчам алдыга жылдырыларын убада кылган.

Уран байытууну токтотпогону үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга төрт ирет санкция киргизген. Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастаса, Батыш ал өзөктүк курал жасайбы деп чоочулайт.

XS
SM
MD
LG