Окуя мындан бир жыл мурда, 2010-жылдын 6- январында Египеттин түштүгүндөгү Наг- Хаммади деге кыштакта, чиркөөнүн жанында болгон. Куралчан үч адам ок чыгарганда Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленип жатышына байланыштуу чиркөөгө сыйынуу үчүн келген христиан коптордун алтоосу жана бир мусулман полицей мерт болгон.
Сот бүгүн ошол кылмышка тиешеси бар деп эсептелгендердин бири Мохамед Ахмед Хусейнди өмүр боюу түрмөгө кести. Калган эки адамга өкүм келерки аптада чыгарылат. Алардын баары сотто күнөөсүз экендигин айтышкан. Мындан эки апта мурун Египеттин Александрия шаарында өзүн чиркөөнүн сыртында жардырып жибергенде 21 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алган.