Пакистан армиясынын Ооганстан менен чек арадагы уруу аймактарындагы талип согушкерлери менен согушу тууралуу сериалды жазган драматургдардын бири Сажжад Сажинин айтымында, тасманын максаты кино тартылган аймактардын бири болгон Сват өрөөнү сыяктуу жерлердеги «пакистандыктардын» баатырдыгын элге көрсөтүү болуп саналат. Армиянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси генерал Атхар Аббас «пакистандыктар баатырдыктын жана өзүн мекени үчүн курмандыкка чалуунун үлгүлөрүн билиши керек» деп айтты. Сценарийдин авторлору сериалда куралдуу кагылыштар менен катар, сабырдуу турумдагы ортоңку класс менен диний экстремисттердин арасындагы ажырым сүрөттөлгөнүн белгилешүүдө.