Мындан бир жыл мурда өлкөнүн түштүгүндөгү айылдардын бириндеги чиркөөнүн алдында үч куралчан алты египет христиандары менен катар, мусулман полицейди атып өлтүргөн эле. Калган эки куралчандын тагдырын сот келерки аптада аныкташы керек. Египеттик христиандар калктын 15 пайызын түзөт, бирок тили, каада-салттары боюнча башка тургундардан дээрлик айырмаланбайт. Мындан жарым ай мурда да Александрия шаарында жаңы жылдык таат өткөн чиркөөнүн сыртында жанкечти бомба жардырганда 21 киши өлүп, 100 чактысы жараат алды.