Бул тууралуу “Азаттыкка” “Сүлүктү-көмүр” ачык акционердик коомунун жаңы жетекчиси Эргеш Мадаминов билдирди. Анын айтымында, кечээ кечки саат 10дордо милиция кызматкерлери көмүр кендин кире беришиндеги көзөмөл бекетинде туран 10 жумушчуну кармап кеткен, алардын үчөө катуу сабалып, натыйжада денелеринен оор жаракат алган. Э. Мадаминов бул факт боюнча Башкы прокурорго жана ички иштер министрине кайрылуу жолдогонун айтты. "Окуяга көмүр кендин мурдагы жетекчилиги жана шаар бийлигинин тиешеси бар", - дейт. Э. Мадаминов. Сүлүктүн мэри жана прокурору жана ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү азырынча комментарий бере элек. “Сүлүктү-көмүрдүн” айрым акционерлери аталган көмүр кенде түзүлгөн жагдай боюнча бүгүн түштөн кийин маалымат жыйын өткөргөнү жатышат.
“Сүлүктү-көмүрдө” мурдагы жетекчини кайра кызматка коюну талап кылып, буга чейин 60ка чукул кенчи иш таштаган. Мамлекеттик мүлк министрлигинин демилгеси менен 12-январда аталган ишканаын акционерлеринин жыйыны болуп, ишкананын мурдагы директору Райымбек Назаров кызматтан алынып, анын ордуна Эргеш Мадаминов шайланган. (EBM)