Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Феликс Кулов коррупциялык схемаларды иликтеген документ жарыялады


Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясынын төрагасы Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөдөгү коррупциялык схемаларды иликтеген документти жарыялады. Анын айтымында, иликтөө дагы уланып жатат. Ф. Кулов паракорчу дегендердин атын атаган жок “Эгерде мындай коррупциялык схемалардын жолун тоссо өлкө казынасына кеминде 300 миллион доллар түшөт. Өкмөт коррупциялык схемаларга көңүл бурушу керек, бул жакта орун-очок алып калган механизмдер бар, ошондуктан паракорлордун атын атоо маанилүү деле эмес”, - дейт Феликс Кулов. (EBM)

XS
SM
MD
LG