Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Жалпы улуттук конгресс мугалимдер талабын колдойт


Саясий партиялардын Жалпы улуттук конгресси мугалимдердин айлык акыны жогорулатуу боюнча талаптарын колдогон билдирүү таратты. Анда мугалимдер менен кошо дарыгерлердин жана башка бюджеттик мекемелерде иштегендердин баарынын маянасы жогорулатуу тийиш экени айтылат. Министрликтерди, агенттиктерди жана аткаминерлерди кыскартуу аркылуу жана АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан түшкөн каражаттын эсебинен айлык акыны жогорулатууга болору белгиленген.

Мугалимдер маянаны орточо айлык акыдан, тактап айтканда 6800 сомдон кем кылбай жогорулатып берүү талабы менен өкмөткө кайрылып, талаптар аткарылбаса жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен. Өкмөткө берилген мөөнөт ушул айдын 20ларында аяктайт. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Азаттыктагы” маегинде маяна дароо жогорулабай турганын эскерткен.

Саясий партияларды Жалпы улуттук конгрессин өткөн жылы парламенттик шайлоого өтпөй калган партиялар түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG