Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Акыйкатчы тууралуу арыздарды депутаттык комиссия иликтейт


Бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн иши тууралуу Жогорку Кеңештин Адам укуктары боюнча комитетинде отчет берди. Анда Т. Акунга байланыштуу Акыйкатчы институнун айрым кызматкерлеринин арызы каралды. Алар Турсунбек Акунду мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун тушунда иштеген кызматкерлерди негизсиз басмырлап кысмакка алууда деп айыптап жатышат. Т. Акун өзүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Парламенттин аталган комитети мындай арыздарды териштирүү боюнча атайын комиссия түздү. Анын курамына депутаттардан сырткары Башкы прокуратуранын жана Кадр кызматынын өкүлдөрү да кирмекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG