Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Террористтик чараларды “Жайшуль Махдинин” мүчөлөрү уюштурган


Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев соңку террористтик иш-чараларга байланыштуу маалымат берди. Ага ылайык, Бишкекте Синагогага кол салуу, Спорт ордосунун жанындагы жардыруу, Бишкек шаардык милициянын жанына жардыргыч заттар коюлган унааны таштап кетүү, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкерлеринин өлтүрүлүшү жана Арашандагы окуяларга “Жайшуль Махди” аттуу уюмдун мүчөлөрүнүн тиешеси бар. “Алар өздөрүн “жихадчылар” деп аташат жана буларды эл аралык террористтик уюмдар каржылап турат. Алар Кыргызстандагы светтик башкарууну кулатып, Борбор Азияда Халифат кургулары келет”, - дейт К. Дүйшөбаев. Анын маалымдашынча, бул окуя боюнча жалпысынан 16 адам шектелип жатат, алардын 11и колго түштү, экөө Арашандагы атайын операциянын маалында өлтүрүлдү, 3 адамга издөө жарыяланды. Маалыматка караганда, алардын дээрлик баары Кыргызстандын жарандары.

5-январда ИИМ атайын кызмат менен биргеликте милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендерге каршы Бишкектин өйдө жагындагы Беш-Күңгөй айылында атайын чара өткөргөн. Анда жоочу деп шектелген эки адам өлтүрүлүп, бирөө колго түшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун бир жоокери кагылышуу маалында октон набыт болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG