Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Жеңиш Бабараимовдун өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрөт


Бул тууралуу бүгүн УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Анын айтымында, 5-январда Арашанда окко учкан, апрель окуялары боюнча шектелип жаткан Жеңишбек Бабараимовдун атайын операцияга катыштыруу боюнча чечимди өзү чыгарган жана ал жоопкерчиликти алуудан качпайт. “Тергөө органдары “Альфа” атайын тобунун апрель окуялары боюнча шектелип жаткан кызматкерлерин иштен четтетүү боюнча өтүнүч жөнөткөн эмес, кызматкерлердин өздөрү да аларды иштен четтетпөөнү суранышкан, алар деле үй-бүлөсүн багышы керек да”, - дейт К. Дүйшөбаев. Анын айтымында, бул окуянын айрым оппозициялык жана башка мүнөздөгү күчтөр өтө саясатташтырып азыркы бийликтин иштешине тоскоол кылып жатат.

5-январда Бишкектин өйдө жагындагы Арашан айылында атайын опреация маалында ок жеп каза тапкан “альфачы” Жеңишбек Бабараимов 7-апрелде тынч элге ок аткан деп шектелип жатканы анык болгон. Апрель окуялары боюнча мындай айып “Альфа” атайын тобунун жетекчиси Алмаз Жолдошалиев баш болгон 7 кызматкерге тагылган. Алардын ичинен А. Жолдошалиев гана камакка алынганына байланыштуу кызматтан бошогон, калгандары кадмикидей иштеп турган. (EBM)

XS
SM
MD
LG