Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Тунисте улуттук биримдик өкмөтүнүн курамы жарыяланат


Тунисте улуттук биримдик өкмөтү бүгүн түзүлүп калышы ыктымал. Премьер-министр Мохамед Гануши өлкөнүн тарыхында “жаңы барак ачылат” деп убада кылды. Жума күнү 23 жыл бийликте турган президент Зине ал-Абидин Бен Али элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Сауд Арабияга качып кеткен. Мамлекет башчынын кызматын аткаруу парламент спикерине жүктөлгөн. Оппозициялык күчтөрдүн 3 лидери жаңы коалицияга биригишет деп болжолдонууда. Өлкөнүн ар кайсы жерлеринде болсо маал-маалы менен ок атышуулар угулуп жатканы кабарланууда. Чет элдик туристтер Тунистен эвакуацияланып жатышат.

XS
SM
MD
LG