Израилдин коргоо министри Эхуд Барак 2007-жылдан бери жетектеп келаткан Жумушчу партиядан чыгып жатканын жарыялады. Барак парламентте “Эгемендик” деген жаңы фракция түзгөнү жатат. Ага азыркы өкмөткө кирген 4 депутат да кошулуу ниетин билдиришти. Жумушчу партия Беньямин Нетаньяху жетектеген коалицияга кирет. Соңку кездери партиянын жетекчилиги Палестина менен тынчтык сүйлөшүүлөрү алга жылбай жатат деп, коалициядан чыгууга үндөп келишти. Барак жана жаңы фракцияга кирген калган депутаттар өкмөттө кала беришмекчи.