Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Ливан: Хизбалла өкмөт башчыны колдобойт


Ливанда Хизбалла кыймылы өкмөт башчы Саад Харириге колдоо көргөзбөйт. Бул тууралуу шийилер тобунун лидери Шейх Хассан Насралла билдирди:

- Оппозиция Саад Харирини жаңы өкмөт курууга көргөзбөйт. Акыркы жолу деле аны көргөзгөн эмеспиз, бирок улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө макул болгонбуз. Бул ирет соңку 14 айдын тажрыйбасына таянып, башка талапкерди көргөзгөнү жатабыз.

Ливандын коалициялык өкмөтү өткөн жумада Хизбалла жана шериктеринин 11 министри кызматтарынан кеткенден кийин кулаган. Өлкөнүн мурдагы премьери Рафик Харининин өлүмүн иликтеген эл аралык трибунал Хизбалланын бир катар мүчөлөрүнө айып тагат деп күтүлүүдө. Мындан улам шиийлер менен сунилердин тирешсүү кайрадан жанданат деген чочулоолор пайда болду. Саад Харири БУУнун трибуналы менен кызматташууну токтотуу тууралуу Хизбалланын талаптарын четке каккан.

XS
SM
MD
LG