Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Тунис президентинин үй-бүлөсү 1,5 тонна алтын алып кетти


Тунистин качып кеткен президенти Зине ал-Абидин Бен Алинин жакындары өлкөдөн бир жарым тоннадай алтын алып кетишкен. Мындай маалыматты франциялык Le Monde гезити таратты. Гезит Франциянын чалгындоо кызматтарына шилтеме жасап жазганына караганда, Бен Алинин экинчи аялы Лейла Трабелси качаардын алдында Тунистин борбордук банкынан 65 миллион долларга тете алтын куйма алган. Банктын төрагасы адегенде алтынды берүүдөн баш тарткан, бирок экс-президенттин кысымына туруштук бере алган жок, - деп жазат Le Monde.

XS
SM
MD
LG