Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Жогорку Кеңеш Улуттук комиссиянын отчетун угат


Жогорку Кеңеш 19-январда 2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында орун алган коогалаңдын себептерин, кесепеттерин иликтеген Улуттук комиссиянын отчетун угат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет. Бул маселе боюнча парламентте Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев чыгып сүйлөп, суроолорго жооп бермекчи.

Улуттук комиссия өз жыйынтыгында июнь коогасынын келип чыгыш себептерин айтып келип, аны алдын ала албаганы үчүн бийлик өкүлдөрүн, өзгөчө күч структураларынын жетекчилерин да баса белгилеген. Ошол кезде Коргоо министри болуп турган Исмаил Исаков бул комиссиянын айыптоолорун четке кагып, аларды сотко берерин айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG