Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Кыргызстанга Түркиянын премьер-министри келет


Кыргызстанга 1-2-февраль күндөрү ырасмий иш сапары менен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган келмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин маалымат саясаты бөлүмүнөн кабарлашты. Эрдоган баштаган түркиялык делегациянын курамында Түркиянын Мамлекеттик министри Зафер Чаглайан да бар. Түрк премьери менен кошо Кыргызстанга Түркиянын алдыңкы бизнес мекемелеринин өкүлдөрү да келмекчи. Бул иш сапардын алкагында Кыргызстанда “Кыргызстан-Түркия” деп аталган бизнес форум өтөрү пландалган. Ошондой эле Түркия премьер-министри менен Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, инвестиция тартуу маселелер жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG