Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Намаз окуу убактысы так белгиленди


Муфтий Чубак ажы Жалилов Кыргыз мамлекетинин чегинде намаз окуу мөөнөтүн так көрсөткөн документке кол койду. Ага ылайык, муфтият азан чакыруу жана беш маал намаздын бир жылдык убактысы көрсөтүлгөн календарь чыгарууда. Бул календарды түзүүдө өлкөнүн географиялык жана убакыт боюнча айырмачылыктары да эске алынды. Муфтияттан билдиришкендей, мурда ар кайсы мечиттерде намазды ар башка убакыттарда окуп келишкен. А түгүл айрым чек ара аймактарда кошуна өлкөнүн убактысы менен намаз окуган учурлар да болуп келгени айтылып жүрөт. Эми бардык мечиттер намаз окуу мөөнөтүн намаз календарына тууралашы керек болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG