Бул тууралуу экономикалык тескөө министри Учкун Ташпаев бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин бюджет тууралуу жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, мындай өсүү курулуш, кызмат көрсөтүү тармагынын эсебинен болот. Инфляция 7,2 - 9,5 пайыздын ортосун түзөт, дейт министр. Былтыр болсо инфляция 19 пайыздан ашкан. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдашынча, 2010-жылы өлкөдө орточо айлыктын көлөмү 6870 сом болду, минималдык керектөө 3502 сомду түздү. (EBM)