АКШнын президенти Барак Обама Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харириге кол салуу боюнча БУУнун трибуналынын алгачкы бүтүмүн колдоду. АКШ президентинин сөзүнчө, Харирини өлтүргөн адамдарды жоопко тартуу Ливандагы жазасыз калып жаткан адам өлтүрүүгө чекит койот. Мамкатчы Хиллари Клинтондун айтымында, кимде ким трибуналдын ишине тоскоолдук кылса, ал "Ливандагы адилеттүүлүккө жана туруктуулукка бут тосот".
Өткөн аптада шииттердин “Хезболла” уюму жана анын өнөктөштөрү Рафик Хариринин уулу Саад Харири башындагы өкмөттөн чыгып, Ливанды саясый кризиске түрткөн.
Өткөн аптада шииттердин “Хезболла” уюму жана анын өнөктөштөрү Рафик Хариринин уулу Саад Харири башындагы өкмөттөн чыгып, Ливанды саясый кризиске түрткөн.