Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Ху Цзинтао Вашингтонго тарыхый сапарга барат


Кытайдын президенти Ху Цзинтао 18-январь күнү кечинде Вашингтонго келет. Бул Кытай көсөмү Ден Сяопин 30 жыл мурда Вашингтонго келгенден берки биринчи АКШ-Кытай ортосундагы мартабалуу саммит болору айтылууда.

Сапар учурунда президент Барак Обама жана Ху Цзинтао АКШнын Кытай менен соодадагы дефицитин талкуулашат деп болжолдонууда. Ак Үйдө дефицитти Бээжиндин юанды атайылап арзандатуусу менен байланыштырышат. Ху америкалык гезиттерге берген интервьюда Кансыз согуш жылдарындагыдай мамилени токтотуп, жаңыча кызматташууга чакырды. Бирок ал Вашингтондун юандын наркын көтөрүү тууралуу талабын четке какты.

XS
SM
MD
LG