Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Р. Отунбаева АКШ өкүлдөрү менен чек ара маселесин талкуулады


Бүгүн президент Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Сьюзен Эллиотт баштаган делегацияны кабыл алды. Анда АКШ тарап Кошмо Штаттарынын Ооганстандагы аскердик-экономикалык иш-аракеттери жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. С. Эллиотт АКШнын Ооганстандагы операцияларына колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Р. Отунбаева өз кезегинде өлкөдө коопсуздук, тартип мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана терроризм-экстремизмге каршы күрөш боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Тараптар ошондой эле чек ара бекеттеринде көзөмөлдү күчөтүү маселелерин талкуулашты.

С. Эллиотт буга чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен жолугуп коопсуздук маселелерин талкуулаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG