Латвиянын Ички иштер министрлиги Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лужковдун өлкөгө кирүүсүнө тыйуу салды. Лужков Латвияда туруктуу жашоого уруксат сурап, ал үчүн түрдүү финансылык талаптарды аткарган болчу. Бирок ички иштер министри Линда Мурниеце айымдын билдиришинче, Лужковдун мурда Латвияга каршы билдирүүлөрдү жасаганы ага өлкөдө жашоого уруксат бербегенге негиз болгон. Лужков 18 жыл мэр болуп иштегенден кийин былтыр октябрда кызматтан бошотулган.