ОББО брэндинин табигый материалдан тигиш салбастан жасалган кийимдери эртеңки күндөн тарта Берлин көрсөтмөсү – Месседе Кыргыз айыл-чарба министрлигинин стэндинде коюлат. ОББО брэндинин дизайнери Нурзат Жээнбек кызы былтыр Кыргызстанда өткөн мода жумалыгында баш байгени утуп алган. Брэнддин негиздөөчүсү Сумсарбек Мамыралиев "Азаттыкка" буларды билдирди:
- Биз жүндөн, жибектен, кендирден жана пахта буласынан жасалган кездемеден кийимдерди тигиш салбастан жасайбыз. Баш кийим, бут кийим, торбо-жасалгаларыбыз да бар. Берлинге жаңы коллекциябызды көрсөткөнү келдик.
Нарындык 200гө чукул аял эмгектенген "Кыргыз уз" кооперативинин ОББО маркасындагы кийим-кечеги Берлинден кийин Амстердамда жана Парижде көрсөтүлөт. (JCH)