Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Абдымен билдирди. Жыйынга премьер-министр баштаган министрлер, губернаторлор катышып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууга алынмакчы. Ошондой эле жазгы айдап-себүү иштерине даярдык маселесин да каралат. Өкмөт бул жылы дыйкандар үчүн жазгы айдап-себүү маалында 1 миллиард сомдун тегерегинде насыя берүүнү пландоодо. Ал насыялар 9-10 пайыздык үстөгү менен кайтаруу шартында берилмекчи.
Мурда дыйкандар үчүн насыялар 250-300 миллион сомдун тегерегинде болуп, алар 20-24 пайыздык үстөк шарты менен берилип келген. (IJz)
Мурда дыйкандар үчүн насыялар 250-300 миллион сомдун тегерегинде болуп, алар 20-24 пайыздык үстөк шарты менен берилип келген. (IJz)