Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Парламент Улуттук комиссиянын иликтөөсүн талкуулап жатат


Жогорку Кеңеште түштүктөгү июнь коогасын иликтеген улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев комиссиянын иликтөөсү боюнча баяндама жасады. Учурда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Аталган комиссия 11-январда июнь коогасына түштүктөгү айрым өзбек лидерлерин күнөлүү деп атап, убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүн жетектеген мүчөлөрү тополоңдун алдын алууга жетиштүү чара көргөн эмес деген тыянак чыгарган. Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Исмаил Исаков мындай дооматтарды четке кагып, улуттук комиссияны сотко бере турганын билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG