Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Ош базардын жанындагы дүкөндөрдү алуу апрелге чейин токтотулду


18-январда Бишкек шаардык мэрияда Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Ош базардын жака-белиндеги соода түйүндөрдү алуу маселеси боюнча жыйын өттү. Анда базардын айланасы ирээтке келиши керектиги айтылып, бирок дүкөндөрдү алуу маал-маалы менен ишке ашырылышы, дүкөн ээлерине түшүндүү иштери жүргүзүлүшү жана аларга жаңы соода орундарды камдап берүү зарыл, деп айтылды. Соода түйүндөрдү алуу иштери 1-апрелге чейин токтотулду.

14-январда Ош базардын жанындагы соода түйүндөрдө иштегендер Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Маселе парламентте талкууланып, депутаттар Ош базарынын тегерегинде соода түйүндөрүн, контейнерлерди жана павильондорду бузбай туруу боюнча Бишкек шаар мэриясына сунуш жолдогон. Бул маселени териштирүү максатында парламенттеги ар бир фракциядан бирден адам кирген комиссия түзүлгөн. Комиссия 30-январга чейин аткарган ишинин жыйынтыгы тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берүүсү тийиш. (EBM)

XS
SM
MD
LG