Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Санжар Бакиевдин сотунда губернатор көрсөтмө бериши мүмкүн


Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” Санжар Бакиевдин апелляциялык арызы боюнча бүгүнкү соттук териштирүүдө Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов көрсөтмө бериши ыктымал деп билдирди. Анын айтымында, процесс бүгүн түштөн кийин саат төрттө башталат. Буга чейинки соттук териштирүүдө жактоочулар “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонушкан” деген айыптын негизинде Б. Асанов баштаган облустук бийлик өкүлдөрүн сотко алып келүү боюнча өтүнүч келтиришкен.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган.

2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев болсо өзүнө коюлган айыптарга макул болбой келет. Мындай өкүмгө макул болбогон Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын Чүй облустук соту Бишкек шаарында карап жатат. Жалал-Абад облустук соту иш көптүгүнө байланыштуу бул арызды кароону Чүй облустук сотуна өткөрүп берген. (EBM)

XS
SM
MD
LG