Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

“Коргоо кеңеши жөнүндө” жардыкка кол коюлду


Президент Роза Отунбаева бүгүн “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндөгү” жардыкка кол койду. Ага ылайык, Коопсуздук кеңеши жоюлуп Коргоо кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

17-январда президент Роза Отунбаева тартип коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрдүн жетекчилери менен жыйын өткөргөн. Анда январь айынын башында тартип коргоо органдарынын төрт кызматкеринин өлүмүнө алып келген окуялар жана терроризмге каршы борбордун ишин жакшыртуу, өлкөнүн Коргоо кеңешинин алгачкы отурумун өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланган. Коргоо кеңешинин алгачкы отуруму ушул аптанын этегинде өтөт жана анда терроризм-экстремизге каршы күрөш, өлкөдө кылмыштуулукка байланышкан абалды жакшыртуу өндүү маселелер талкууланмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG