Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Комиссия: К.Бакиевдин жакындары террордук уюмдар менен кызматташкан


Бул тууралуу түштүктөгү июнь окуясын иликтеген улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туугандары Өзбекстан ислам кыймылы, Бириккен тажик оппозициясы жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен өткөн жылдын май айында Тажикстандын аймагында жолугушуп, бири-бирине жардамдашуу тууралуу макулдашкан. “Алар ошол кезде Ошто жана Жалал-Абадда деструктивдүү күчтөрдүн жанданышы үчүн жакшы жагдай түзүлдү деп эсептешкен, Кыргызстандагы кырдаалды курчутуп, улуттар жана дин аралык жаңжалдарды тутандыргысы келген”, дейт А. Эркебаев. (EBM)

XS
SM
MD
LG