Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:54

Пакистандын түндүк батышында жер титирөөнүн күчү 7 баллдан ашты

Жер титирөөнүн очогу Ооганстан, Иран менен чектеш Белужистан провинциясында катталды. Жер силкингенде чочуган миңдеген адамдар ачык асман алдында түнөгөнүн Эркин Европа/Азаттык үналгысынын кабарчысы билдирет.

Жердин силкинүүсү Пакистандан башка дагы Индия, Дубай жана Катарда байкалды. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
XS
SM
MD
LG