Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Ху Цзиньтао Барак Обама менен жолугууга Ак үйгө келди


Кытай, АКШ өлкө башчылары Вашингтондогу Ак үйдө, 2011-ж. 19-январы
Кытай, АКШ өлкө башчылары Вашингтондогу Ак үйдө, 2011-ж. 19-январы
Ху Цзиньтаонун Вашингтонго визити соңку 30 жылдагы кытайлык лидерлердин АКШга болгон эң маанилүү сапары катары бааланууда. Кытай-АКШ ортосунда экономикалык, аскердик жана дипломатиялык кызматташуу жылдан жылга өсүүдө. Эки өлкө ортосундагы экономикалык соода алакалар 8 миллиард доллардын тегерегинде.

Ошол эле учурда дүйнөлүк эки экономикалык күчтүн бири-бири менен тирешүүсү байкалат. Кытайдын лидери америкалык доллар үстөмдүк кылган дүйнөлүк валюталык система аны канааттандырбай тургандыгын билдирген. АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү расмий Бээжин юанды жасалма түрдө арзан кармап турат деп айыптаган.

Америкалык жана кытайлык лидерлер жолугушууда Тайвандын макамы, Кытайдагы адам укуктары жана Корей жарым аралындагы кырдаал, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы тууралуу да кеп козгошот.

XS
SM
MD
LG