Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Санпа окуясы боюнча сот 3-февралда уланат


Жалал-Абад облустук соттук коллегия былтыр 12-13-июнда Ош-Бишкек жолунда болгон кандуу окуялар боюнча териштирүүнү 19-январда да улантты. Шаршемби күнү жети жабырлануучу көрсөтмө берип, соттолуучулардын айыптарын далилдешти. Алар сотко кошумча күбө катары суроо үчүн июнь окуяларында президенттин түштүк аймагындагы өкүлү болуп турган Исмаил Исаковду, Жалал-Абад облусунда комендант болгон Кубатбек Байболовду, облус губернатору Бектур Асанов менен облустун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун акимдерин да чакыртууну өтүнүштү. Соттолуучулардын жактоочулары булардан сырткары облустук коопсуздук башкармасынын бөлүм башчысы менен губернатордун орунбасарын да чакыртууну сунушташты. Соттук материалдар боюнча Санпа заводунун айланасында он адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, 44 киши жабырлануучу, 96 адам күбө катары катталган. Баштапкы сот 19 соттолуучун 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки айыпталуучунун ар бирин 25 жылдан түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарган (YA)

XS
SM
MD
LG