Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

Парламентте Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси каралат


Бүгүн күн тартиби боюнча Жогорку Кеңеште “Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралат. Мыйзам долбоордо Жогорку Кенештин кайсы бир депутаты милдетин аткара албай калса же башка кызматка кетсе, анда кийинки депутат болчу адамды ошол партиянын саясий кеңеши аныктай турганы көрсөтүлгөн. Азыркы эреже боюнча депутаттыктан кеткен адамдын ордуна ошол партиянын шайлоодогу жалпы тизмесинде турган кийинки адам келиши керек.

Бул мыйзам долбоору декабрь айынын соңунда биринчи окууда кабыл алынган маалда чоң талаш-тартыштарды жараткан. Жарандык коомдун өкүлдөрү Шайлоо кодексине мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү демократиялык принциптердин бузулушуна, Жогорку Кеңештеги партиялардын коррупциялашуусуна алып келерин айтып чыгышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG