Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Бахтияр Фаттаховдун Улуттук комиссияга кирип калышы боюнча маселе көтөрүлдү


Парламент төрагасы Акматбек Келдибеков июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын курамына Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу улуттук агенттигинин директору Бахтияр Фаттаховдун кирип калуусунун этикалык жагын карап чыгууну профилдик комитетке тапшырды. Бул тууралуу ал кечээки парламент жыйынында айтты. А.Келдибековдун айтымында, 2010-жылдын 4-июнунда БУУнун жогорку комиссары менен өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жолугушуп, Кыргыз мамлекетинде автономия алууга ниеттери бар экенин айтышкан. А.Келдибековдун ырасташынча, ал жолугушууга Алишер Сабиров, Абдували Шарипов, Жалалиддин Салахидинов, Бахтияр Фаттахов баштаган адамдар барышкан. Буга байланыштуу профилдик комитет Б.Фаттаховдун Улуттук комиссиянын курамына кошулуп калуусунун моралдык жагын карап чыкмакчы.

Жогорку Кеңештин жыйынында катышып отурган Б.Фаттахов өзү ал жолугушууга чындап эле катышканын, ал жерде адам укуктарынан башка маселе көтөрүлбөгөнүн айтып чыкты. (IJz)

XS
SM
MD
LG