Кечээ парламент депуттары июнь окуяларынын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчетун угуп, бул боюнча кечке чейин суроо-жооп, талкуу жасаган. Суроолорго аталган Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана комиссия мүчөлөрү жооп беришүүдө. Жумушчу күндүн аягына чейин бүтпөй калган талкуу бүгүн уланмакчы. (IJz)