Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Тунисте президенттин мал-мүлкүн иликтөө уланууда


Баш калаа Тунисте 2 миңге чукул киши топтолуп, жаңы өкмөткө экс-президенттин кишилери киргендигин айыпташты. Президент Зине эл-Абидине Бен Али ушул айдын башында элдик толкундоолордон улам кызматын таштап, чет өлкөгө качкан, бирок анын партиясы жаңы өкмөттөгү маанилүү орундарды сактап калды. Буга нааразы болгон төрт министр кызматынан чегинди, өкмөт мүчөлөрү бүгүн ант бериши керек. Анын аралыгында, Швецария Бен Алиге тийешелүү болгон банк эсептерин жаап салууга макул болду. Акыркы беш жумада 100дөн ашык кишинин каза тапкандыгын маалымдаган Бириккен Улуттар уюму Тунистеги укук бузууларды иликтөөгө адистерин жиберип жатат.

XS
SM
MD
LG