19-декабрдагы президенттик шайлоодон кийин камакка алынгандар бардыгы толук бошотулбаса, Беларустун президентине Евробиримдикке барууга виза берүүгө кайра тыю салынышы мүмкүн экендигин биримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон билдирди. Эштондун айтымында, маселе 31-январда биримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында каралат. Кечээ Полша Лукашенкого виза берүүгө бир тараптуу тыю салган. Беларустун тышкы иштер министрлиги «санкция менталитети ажырымды күчөтүп, ишенимге шек келтирет» деп айтылган билдирүү таркатты.